Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Казакстанда бир суткада коронавирус жуктурган миңден ашык киши аныкталды


Алматыдагы тест борбору. 12-июнь, 2020-жыл.
Алматыдагы тест борбору. 12-июнь, 2020-жыл.

Акыркы суткада Казакстанда коронавирус жуктурганы аныкталгандар 1033 кишиге жетти. Бул өлкөдө COVID-19 илдети катталгандан берки эң жогорку күнүмдүк көрсөткүч. Ал адамдардын ичинен 350сүндө илдеттин белгилери бар, 683 кишиде коронавирустун симптомдору байкалбайт деп билдирди 17-июнда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги.

Казакстан бийлиги 3-июндан бери коронавирус жуктургандарды белгилери ачык билингендерин “ооругандар”, билинбегендерин “таратуучулар” деп эки бөлөк эсептөөдө. Экинчи топтогуларды бийлик вирус жуктургандардын негизги статистикасына кошпой келет. Натыйжада, расмий маалыматка таянган эл аралык саламаттык уюмдары биринчи топтогулардын гана статистикасын саноодо.

Эки топту кошкондо вирус жуктургандар саны 22 миңди чамалаганын “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Алардын ичинен 88 киши көз жумду. Айыгып чыккандар 10 миңди чамалады.

XS
SM
MD
LG