Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 17-июндагы брифингде берген маалыматына караганда, акыркы суткада жаңы аныкталган 90 адамдын ичинен 42си оорулуу адамдар менен байланышта болгон. 36сы инфекцияны кайдан жуктуруп алганын билбейт. Калгандары чет жактардан келген кыргызстандыктар.
Үсөнбаев жарандарды өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болууга, санитардык эрежелерди бекем сактап, муктаждык болбосо, эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырды. Ал ошондой эле улгайган адамдар коронавирус илдетинде аялуу болуп жатканын белгилеп, карыяларды коргоого үндөдү.
Коронавирустун жайылышынын алдын-алуу максатында Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган. 25-марттан 1-майга чейин оору көп катталган айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилген. Бала бакча, мектеп, дүкөн, базарлар жана башка ишкана-мекемелер карантинге жабылып, аралыктан иштөөгө өткөн.
Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 1-майдан тартып билим берүүчү уюмдардан башка мекеме-ишканалардын, базарлардын иштөөсүнө бир нече баскыч менен уруксат берилген.
17-июнда Кыргызстанда коронавирус 90 адамдан жаңы катталды. 16-июнда 100 адамдан аныкталып, бул пандемия башталгандан бери Кыргызстанда бир сутка ичинде катталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
15-июнда 87 учур, 14-июнда 78 учур катталган. Жалпы коронавируска чалдыккандардын саны 2572 адам. Оорудан 1901 адам сакайып кетти. 30 адам коронавирус жуктуруп алгандан кийин каза тапты.