“Мегаком” компаниясынын бир кызматкеринен COVID-19 аныкталды. Дагы бир кызматкер вирус жуктурган деп шектелип жатканын, анын анализинин так жыйынтыгы бүгүн, 17-июнда чыгарын компаниянын басма сөз катчысы Жумгалбек Өмүрканов “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтуусунда, вирус аныкталган кызматкер учурда обсервацияда.
“Кырдаалга жараша биздин көпчүлүк кызматкерлерибиз үйдөн иштеп жатышат. “Компания вирус жуктурган кызматкерлер менен байланышта болгон жумушчуларды акы төлөнбөөчү өргүүгө кетирип жатыптыр” деп социалдык тармактарга таратылган сөздөр чындыкка дал келбейт”.
Өмүркановдун маалыматына караганда, кеңседен иштеп жаткан кызматкерлер санитардык эрежелердин баарын катуу сактап жатышат.
Буга чейин социалдык тармактарда “Мегаком” компаниясы коронавируска чалдыккан кызматкерлери бар экенин жашырып жатканы, алар менен чогуу иштеген башка жумушчуларын акы төлөнбөөчү өргүүгө кетүүгө мажбурлаганы тууралуу маалыматтар тараган.
Апта башында Кыргызстандагы уюктук операторлордун бири – "Билайн" компаниясынын директору жана бир нече кызматкери коронавирус жуктурганы маалымдалган. Маалыматты компаниянын басма сөз кызматы ырастаган. (ZKo)