Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Момбеков: Кошомат кылып жүрүп Абылгазиевди кетирдиңер (видео)


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жаңы өкмөттүн курамын жана программасын бекитүү маселесин караган Жогорку Кеңештин 17-июндагы жыйынында депутаттар Камчыбек Жолдошбаев менен Рыскелди Момбековдун ортосунда кайым айтышуу болду.

Депутат Жолдошбаев өкмөт мүчөлөрүнө суроо берүүнү чектеп, жыйынды түшкө чейин жыйынтыктоону сунуш кылды. Ал башка эл өкүлдөрү ушул маселени айтууну андан суранып жатканын айтты. Буга депутат Рыскелди Момбеков нааразылык билдирди.

«Урматтуу кесиптештер! Ушундайды токтотпойлубу?! Камчыбек байке, сизден ким суранды, айтып коюңузчу. Кышында бир жолу жалпы парламентти уят кылдыңыз. «Балдарыбыз үшүп жатат, жыйынды аяктайлы» деп, азыр эмне балдарыңыз ысып атабы? Эми мактагандар сүйлөсө, сындай тургандарга да сөз бергиле. Кошомат кылып жүрүп Абылгазиевди кетирдиңер. Качанга чейин ушинтесиңер? Ким айтты, айтсын өздөрү, алардын деле ооздору бар. Сизден эч ким суранган жок. Токтотуңуз, кошомат кылганды!»,- деди Рыскелди Момбеков.

Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков Камчыбек Жолдошбаевдин "жыйынды эртерээк аяктоо" боюнча сунушун добуш берүүгө койду. Сунушту көпчүлүк депутаттар колдоду.

Жогорку Кеңеш парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын аныктоо жана анын программасын бекитүү маселесин карап жатат. Биринчи вице-премьер-министр, өкмөт башчылыкка сунушталган Кубатбек Боронов министрлер кабинетиндеги жаңы талапкерлер жана өкмөттүн программасы тууралуу баяндама жасады.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Анын арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Арызды президент Сооронбай Жээнбеков 16-июнда кабыл алып, ошол эле күнү аны кызматынан бошоткон. (ErN)

XS
SM
MD
LG