Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

“Реформа жана жыйынтык үчүн” биримдиги өкмөттү чечкиндүү кадамдарды жасоого чакырды


Көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамы. Премьер-министрлик кызматка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрликке Алмазбек Батырбеков сунушталды, вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Аида Исмаилова ордунда калат.
Көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамы. Премьер-министрлик кызматка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрликке Алмазбек Батырбеков сунушталды, вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Аида Исмаилова ордунда калат.

“Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык биримдиги Жогорку Кеңешке жана өкмөткө кайрылып, коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырды. Жарандык биримдик тараткан кайрылууда өткөөл мезгилге карабай, шайлоого чейинки убакытка жаңы өкмөт башчы дайындалып жатканы белгиленип, бул оор учурда чоң жоопкерчилик жана ыкчам аракеттер талап кылынары жазылган.

“Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөр өлкөнүн экономикасына чоң таасир тийгизип, мамлекеттик бюджетте дефициттин көбөйүүсүнө алып келди. Бул кырдаал коопсуздукка коркунуч жаратып, кылмыштуулукту арбытарын эксперттер айтып жатышат. Өкмөт менен парламент “жыртыкты бүтөө” аракетин гана кылбай, коопсуздукка да кам көрүүгө тийиш” деп жазылган билдирүүдө.

Жарандык биримдик парламент менен өкмөткө тартип сактоо жана коомдук коопсуздукту сактоо жаатында бир катар сунуштарын да берген. Анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында милициянын кайгуул кызматын күчөтүү, кылмыштуулуктун алдын алуунун жаңы системасын киргизүү, күч кызматкерлеринин айлыгына кошумча акыларын төлөп берүү, үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууну толук көзөмөлгө алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары жана агрессор менен иштөөгө каражат бөлүү жана башка сунуштар бар.

“Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикмеси депутаттарды Кылмыш-процессуалдык кодексти жана башка мыйзамдарды өзгөртүүдө жарандык коомдун пикирин да эске алууга чакырган.

Кайрылуу ээлери “Жогорку Кеңешке шайлоого чейинки убакыт күтүү мезгили эмес, тескерисинче, активдүү, антикризистик күчтүү чараларды көрүүчү убакыт. Бул өлкөнү COVID-19 кризисинен чыгарып кетүүчү мезгил болууга тийиш” экенин белгилешкен.

“Реформа жана жыйынтык” жарандык бирикмесинин курамына 22 коомдук бирикме жана жарандык активисттер кирет. Бирикме Интербилим борбору, Борбор Азиядагы эркин базар институту (CAFMI), Либерал жаштар альянсы баштаган коомдук уюмдардын, Атыр Абдырахматова, Тимур Шайхутдинов, Асыл Айтбаева өңдүү активисттердин демилгеси менен түзүлгөн.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын аныктоо жана анын программасын бекитүү маселесин карап жатат.

Өкмөт башчылыкка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов сунушталган. Биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун, өкмөт аппаратынын башчылыгына Таалайбек Темиралиевдин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаиловдун талапкерлиги сунушталууда. Калган вице-премьер-министрлер, министрлер, мамлекеттик агенттик, комитет жана кызматтардын башчылары өз орундарында калды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG