Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Никитенко жаңы өкмөттүн Абылгазиевдин программасын улантуу тууралуу билдирүүсүн сынга алды (видео)


Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко өкмөт башчылыкка талапкер Кубатбек Бороновдун экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин программасын улантуу тууралуу билдирүүсүн сынга алды. Депутат мурдагы өкмөттүн курамы негизинен сакталып жатканы менен ал өкмөттүн иши чабал болгонун билдирди.

Боронов мурдагы өкмөттө биринчи вице-премьер-министр катары эки жылдай иштегенин, анда кемчиликтер менен кошо жетишкендиктер да болгонун айтты. Ал ошол себептүү өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» деп аталган программасын гана улантып жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын аныктоо жана анын программасын бекитүү маселесин карап жатат. Биринчи вице-премьер-министр, өкмөт башчылыкка сунушталган Кубатбек Боронов министрлер кабинетиндеги жаңы талапкерлер жана өкмөттүн программасы тууралуу баяндама жасады.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Анын арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Арызды президент Сооронбай Жээнбеков 16-июнда кабыл алып, ошол эле күнү аны кызматынан бошоткон. (ErN)

XS
SM
MD
LG