Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Индияда Кытайга каршы митингдер өттү


Митингчилер Си Цзинпиндин сүрөтүн өрттөөдө. Ахмедабад, 16-июнь, 2020-жыл.
Митингчилер Си Цзинпиндин сүрөтүн өрттөөдө. Ахмедабад, 16-июнь, 2020-жыл.

17-июнда Индиянын бир катар шаарларында Кытайга каршы митингдер өттү. Анда Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин сүрөтү өрттөлүп, кытай товарларын сатып албоого чакырык ташталды.

"Индиянын 1,3 миллиард жаранына жана чет өлкөлөрдөгү туугандарыбызга кайрылып, аларды кытай товарларына бойкот жарыялоого чакырабыз. Биз Кытайга каршы экономикалык согуш жарыялашыбыз керек", – деди Канпурдагы Соода уюмдарынын биринин башкатчысы Гиянеш Мишра.

Демонстрациялар дүйшөмбүдө талаштуу Гималай чек арасында эки өлкөнүн аскерлеринин куралдуу тиреши орун алып, анда Индия 20 жоокеринен айрылгандан кийин өтүүдө.

Ал тапта Кытай Тибеттеги Танггула тоосунун түштүгүндө аскердик машыгуу өткөргөнүн мамлекеттик CCTV телеканалы билдирди.

Индия-Кытай ортосундагы кагылышуулар тууралуу кабар бир нече аптадан бери чыгууда. Индиянын армиясы жасаган билдирүүдө тараптардын аскер өкүлдөрү чыңалууну басаңдатуу үчүн жолугушуп жатканы айтылган. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги индиялык аскерлер дүйшөмбүдө “эки ирет чек ара сызыгынан өтүшкөнүн, чагымчылдыкка барып, кытайлык жоокерлерге чабуул коюшканын, натыйжада ортодо кагылышуу болгонун” билдирди.

Дүйнөдөгү эң көп калктуу эки өзөктүк держава 1962-жылы согушуп, Индия жеңилип калган.

Дели Бээжинди 38 000 чарчы километр жерин басып алгандыгы үчүн айыптап келатат. Чек ара талашын жөнгө салуу үчүн 30 жылдан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG