Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Тажикстанда райсоттун төрагасы коррупция айыбы менен кармалды


Тажикстандын Согди облусундагы Айни райондук сотунун төрагасы Шараф Турсунзода коррупция айыбы менен кармалды. Бул кабарды 17-июнда өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин башчысы Сулаймон Султонзода ырастады.

Шараф Турсунзода эки күн мурун “соттордун ар-намысына шек келтирген иштерди жасаган” деген жүйө менен кызматтан алынган. Бул боюнча Турсунзоданын жана анын жакындарынын пикирин угууга мүмкүн болгон жок.

Турсунзода Айни райондук сотунун төрагасы катары болгону төрт ай иштеген. Ага чейин ушул эле сотто катардагы судья болгон.

Бир апта мурда Гиссар шаардык сотунун төрагасы Зайдулло Собирзода да коррупция айыбы менен иштен алынган.

Акыркы 10 жылдан бери 25 судья ар кыл айыптар менен түрмөгө камалган. Ушул тапта Тажикстанда 400дөн ашуун судья бар.

XS
SM
MD
LG