Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:31

Ош облустук соту күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген келиндин жаза мөөнөтүн кыскартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук сотунун соттук коллегиясы 17-июнда күйөөсүнүн өлүмүнө шектелген Гүлназ Пасаңованын иши боюнча доо арызды карады. Соттук коллегиянын чечимине ылайык, Ош шаар сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Мындан тышкары айыпталуучуга карата Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына, Апрель окуясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс мыйзамына ылайык, соттук коллегия келиндин жаза мөөнөтүн үч жылга кыскартты.

Айыпталуучунун адвокаты Мухайё Абдураупованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Гүлназ сот өкүмүнө нааразы. Бирок облустук соттун өкүмүн жокко чыгаруу үчүн жогорку инстанцияга кайрылуудан Гүлназ баш тартууда.

29 жаштагы Гүлназ Пасаңова Жазык кодексинин 138-беренесинин үчүнчү бөлүмүнүн негизинде (адамды өлүмгө жеткирген оор зыян) айыпталып, Ош шаардык соту тарабынан 9 жылга эркинен ажыратылган жана 90 миң сом жаза айып салынган. Сот ошондой эле аны энелик укугунан ажыратып, балдарын маркумдун туугандарына берүү чечимин чыгарган.

Жактоочу айыпталган келин күйөөсүн кокустук менен өлтүрүп алганын, ага чейин жети жыл бою үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келгенин билдирүүдө. Адвокаттын айтымында, бул жагдайды тергөө да, сот да эске алган эмес.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылган.

Өткөн аптада мойнуна машиненин дөңгөлөгү асылып, колу таңылган аялдын башынан ылдый суу куюп, бетине чапкылап жаткан эркектин видеотасмасы соцтармактарга тараган. Тасма коомчулукта кызуу талкуу жаратып, укук коргоочулардын, бийликтин жана эл аралык уюмдардын көңүлүн бурган.(DU/ZKo)

XS
SM
MD
LG