Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

"Талибан" Ооганстанда удаа чабуулдарды уюштурду


Ооган өкмөтүнүн аскери
Ооган өкмөтүнүн аскери

Ооганстандын түндүгүндөгү Акча районунда көзөмөл-өткөрүү бекетине кол салууда кеминде 12 күч кызматкери мерт болуп, дагы бешөө жаракат алышты. Ооган бийлиги 17-июндагы кол салууга «Талибан» кыймылын айыптап жатышат.

Жаузжан провинциясынын акимиаты жоочулар дагы төрт жоокерди туткундап кеткенин билдирди. «Кагылышууда беш талиб өлтүрүлүп, ону жарадар болушту» деп кошумчалады губернатордун басма сөз катчысы Маруф Азар.

«Талибандын» өкүлү чабуулду моюнга алып, курман болгондор көп экенин билдирди. Бирок так санын айткан жок.

Өлкө түндүгүндөгү дагы бир Кундуз провинциясында жоочулар көзөмөл өткөрүү бекетине чабуул коюшуп, анда беш жоокер өлгөнүн, жетөө жарадар экенин аймактын полиция башчысы билдирди.

Ооган өкмөтү акыркы апталарда 422 аскер кызматкери талибдердин колунан өлгөнүн тактады.

Ошол эле маалда Кабулдагы өкмөт менен «Талибан» 19 жылдан берки согушту токтотуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү аракетинде. Бул үчүн тараптар жүздөгөн туткундарды алмашкан.

XS
SM
MD
LG