«Кыргызгидромет» борбору чукул билдирүү таратып, 17-18-июнь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти.
18-июнда түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28;
Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 18...23;
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 17...22;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8 градус жылуу болот.
18-июнда Бишкек шаарында жаан-жачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12.…14°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° болот. (ErN)