Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 19:45

Президент Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча жыйын өткөрдү


17-июнда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Кеңешмеге тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Чыңгыз Айдарбеков, транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу Жанат Бейшенов жана "Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков катышты.

Жыйында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш долбоору талкууланып, жасалган иштер боюнча маалымат берилди. Президент Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу ири жана стратегиялык долбоорлордун бири экенин белгиледи.

"Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн санариптештирүүнүн жүрүшү жөнүндө айтып берди.

2002-жылы Бээжин курула турган жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Анда жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Узундугу 268 чакырым деп эсептелген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес. Ошондон кийин кыргыз бийлиги кайра Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун жактап, жаңы маршрутту сунуш кылган.

2019-жылдын ноябрь айында президент Сооронбай Жээнбеков Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалганын маалымдаган. Жээнбеков техникалык-экономикалык негиздемени даярдоого Орусия 200 миллион рубль бөлүп бергенин айткан.

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун курулушу - көп жылдардан бери айтылып, ишке ашпай келаткан ири долбоор. Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери күчөп, сүйлөшүүлөр жанданган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG