Парламент депутаты Элвира Сурабалдиеванын пикиринде, «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамы кабыл алынса, сөз эркиндигине таасир этип, Интернетти көзөмөлдөө чараларынан улам анын ылдамдыгы төмөндөшү мүмкүн. Бул онлайн бизнеске зыянын тийгизет. Депутат бул тууралуу 17-июнда парламентте «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда билдирди.
“Кыргыздардын эң чоң жетишкендиги сөз эркиндиги экенин унутпайлы. Коррупцияны жеңген жокпуз, экономика жок. Сөз эркиндиги - эң чоң жетишкендик. Бул бийликке орунсуз жардам берген мыйзам болуп жатат. Мунун азыр кереги жок”, - деди Сурабалдиева.
Мыйзамдын демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева “фейк аккаунттар сөз эркиндиги эмес, жарандар өз укугун Интернетте коргоого акысы бар” деп жооп берди.
Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга коюлган.
Долбоордо Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Ошондой эле мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.
Документтин түшүндүрмөсүндө «Интернетти колдонууга байланышкан терс учурлар да жок эмес. Алар кызыкчылыктардын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде купуя маалыматтан тартып саясатка чейинки, коомдук тартип менен мамлекеттин улуттук коопсуздугуна чейинки чөйрөнү камтыйт» деп жазылган.
«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан. (TSh)