Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Кубатбек Бороновду мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотуп, премьер-министри кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.
Мындан сырткары президент вице-премьер-министрлерди, өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду.
Жогорку Кеңеш 17-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана анын программасын бекиткен. Депутаттар дээрлик бир добуштан колдоп добуш беришти. Биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбеков бекиген.
Өкмөт аппаратынын башчылыгына Таалайбек Темиралиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов жаңы келди. Башка вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Аида Исмаилова, министрлер, мамлекеттик агенттик, комитет жана кызматтардын башчылары өз орундарында калды.
Мурдагы өкмөттүн курамын сактап калуу менен жаңы өкмөттү 16-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштады. Ошол күнү КСДП, "Республика-Ата Журт", "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракцияларынан турган башкаруучу коалиция дээрлик бир добуштан жаңы курамды жактырды.
Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Анын арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Арызды президент Сооронбай Жээнбеков 16-июнда кабыл алып, ошол эле күнү аны кызматынан бошоткон. (TSh)