Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 18-июнга карата берген маалыматы боюнча, коронавирус акыркы суткада дагы 95 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү борбор калаадан:
Бишкек шаарында – 49
Ош шаарында - 7
Ош облусунда - 7
Талас облусунда - 4
Баткен облусунда - 1
Жалал-Абад облусунда - 6
Чүй облусунда – 14
Нарын облусунда - 7
Ушуну менен 18-июнга карата жалпы коронавирус жуктургандардын саны 2650 адамга жетти.
Вирус жуктуруп алган 73 жаштагы эркек акыркы суткада каза тапты. Ушуну менен илдет жуктуруп алган 31 адам каза болду.
Бир сутка ичинде ооруканадан 32 бейтап сакайып чыгып кетти. Анын ичинен: Бишкек шаарынан –11, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында – 3, Ош облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда -1, Баткен облусунда -1 бейтап айыгып, 18-июнда үйлөрүнө чыгарылды. Жалпы айыккандардын саны 1933 адам.
Ушул тапта стационарда 693 бейтап бар. 38 адамдын абалы оор. Алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. (ZKo)