Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Саясий репрессияларга каршы комитет Кылмыш-процессуалдык кодексти карап чыгууга чакырууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саясий репрессияларга каршы комитет Кылмыш-процессуалдык кодексти карап чыгууга чакырууда.

Аталган комитет 2019-жылы Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизилгенден кийин сот иштеринде “тергөө менен кызматташуу” механизми кеңири колдонула баштаганын белгилеп, “азыркы бийлик жана күч кызматтары бул беренени өз кызыкчылыктарына пайдаланып жатат” деп билдирген.

Комитеттин билдирүүсүндө “Бүгүнкү күнү бул берене саясий куралга айланып, оппозициядагы жана бийликке жакпаган адамдарга карата басым кылууга кызмат кылганы кадимки көрүнүшкө айланды. Ошол эле учурда бул беренеге ылайык, “тергөө менен кызматташкан” тараптардын көрсөтмөлөрү чын экени да шек туудурат. Бул 1937-жылдагы репрессияны, адамдарды жалган көрсөтмөлөр менен сотсуз, тергөөсүз эле камап, атып салган учурду эске алат” деп жазылган.

Билдирүү ээлери ошондой эле күч кызматтары ишти толук иликтеп, кылмыш фактыларын издөөнүн ордуна кылмыш ишин эртерээк аягына чыгаруу үчүн көрсөтмө алуу менен алек болуп алышты деп сындаган.

Саясий репрессияларга каршы комитет азыркы жана кийинки Жогорку Кеңеш коомчулуктун катышуусу менен Кылмыш-процессуалдык кодекстин айрым нормаларын карап чыгуусу керек деп эсептейт. Мындан тышкары комитет президент Жээнбековдун жетекчилиги менен өтүүчү Коопсуздук кеңешинин жыйынында да бул сот чечимдерин репрессиялык жана саясий мүнөздө деп сындоого түрткөн маселе каралууга тийиш деп талап кылган.

Бишкектеги Жылуулук энергетикалык борбору (ЖЭБ), Азиз Батукаевдин мыйзамсыз камактан бошотулушу, Кой-Таштагы окуя жана башка бир катар мурдагы бийлик өкүлдөрү айыпталып жаткан кылмыш иштеринде айыпталуучулардын айрымдары "тергөө менен кызматташып жатканы" тууралуу кабарланган.

Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексине пробациялык мыйзамдарга ылайык, 2019-жылдын 1-январынан тарта өзгөртүү киргизилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG