Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

Казакстандын экс-президенти Назарбаевге коронавирус жукту


Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев.
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев.

Казакстанды отуз жылдай башкарып, былтыр мартта президенттиктен кеткен Нурсултан Назарбаев коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Назарбаевдин расмий сайты кабарлады.

“Азыркы учурда Казакстандын биринчи президенти обочолонду. Тилекке каршы, анын соңку тестинен коронавирус аныкталды. Чочулоого негиз жок. Нурсултан Назарбаев аралыктан иштеп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон коронавирус табылып, мындан улам казак премьер-министри Аскар Мамин баштаган бир нече өкмөт өкүлү карантинге чыккан.

18-июнга карата Нур-Султан шаарында коронавирус инфекциясынан дагы үч киши –­­ 57 жаштагы эркек жана 63, 74 жаштагы эки аял көз жумду. Муну менен Казакстанда COVID-19дан өлгөн адамдардын саны 100гө жетти.

Расмий маалыматка ылайык, вирустан өлгөндөр Нур-Султан шаарында (24 учур) көп катталууда. Андан соң Алматы (15) жана Павлодар облусу (13), Чымкент шаары(12) турат.

Май айынан бери вирустан өлгөндөр көмүлгөн атайын көрүстөндө мүрзөлөр көбөйүүдө. Алардын саны менен казак бийлиги жарыялаган расмий статистика дал келбейт. Алматыда эле эки жарым жумадан бери мүрзөлөрдүн саны 38ден 64кө чейин көбөйгөн. Ошол эле маалда Алматы шаарында 15 гана киши өлгөнү, Алматы облусунда курмандыктар жок экени айтылууда.

Казак бийлиги коронавирус жуктургандан кийин каза болгон ондогон маркумду расмий статистикага кошкон жок. Алардын өлүмүнө вирус эмес, башка оорулары себеп болгонун билдирген.

Казакстанда коронавирус жуктуруп алган кишилердин жалпы саны 22 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG