Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:06

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга чакырган пикет өттү


Активист А. Иманалиев. Бишкек шаары. 18-июнь, 2020-жыл. (Сүрөт "Кылым шамы" бейөкмөт уюмуна таандык).
Активист А. Иманалиев. Бишкек шаары. 18-июнь, 2020-жыл. (Сүрөт "Кылым шамы" бейөкмөт уюмуна таандык).

Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга чакырган пикет 18-июнда Бишкектеги Ак үйдүн жанында өттү. Бир нече жарандык активист Сузакта моюнуна дөңгөлөк илинип, сабалган аялга тилектештик билдирди. Алар моюндарына чынжырга илинген дөңгөлөк илип турушту. Пикетке байкоо салган “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда пикетте эреже бузуу болгон жок.

“Пикетке чыккан активисттер да аралыкты сактап турушту. Милиция кызматкерлери да алыстан көз салып, журналисттерге аралыкты сактоону эскертип жатышты. Эч кандай мыйзам бузуу катталган жок”, - деди Азиза Абдурасулова.

Аялдардын укугун коргоо, үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу талабы менен жалгыздап пикетке чыгуу чакырыгы “Бишкек феминизм клубунда” жарыяланган.

15-июнда отуздан ашык активист Бишкектеги Ак үйдүн жанына чогулган. Милиция чогулгандарды тарап кетүүгө чакырып, муну пандемияга байланышкан өзгөчө кырдаал менен түшүндүргөн.

Чогулгандар Сузакта өткөн аптада күйөөсүнүн зомбулугуна кабылган аялдын, жыл башынан бери күйөөлөрүнүн колунан каза тапкан келиндердин окуясына, "Бишкек паркта" 13 жаштагы кызды зордуктаган эркектин сотто акталышына коомчулуктун жана бийликтин көңүлүн буруу максатын көздөгөн.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Күйөөсү сот чечими менен 15 суткага камалган. Кийинчерээк милиция жабырлануучу тосмо арыз жазып бергенин кабарлады.

ИИМдин маалыматында быйыл жыл башынан бери өлкөдө 2019 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылга салыштырганда 65% арбын.

2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факт катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG