АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 18-июнга карата дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен өлгөндөрдүн саны 449 047 адамга жетти. Вирусту жугузуп алгандар 8 миллион 350 миңден ашты.
Илдеттен көз жумгандардын төрттөн биринен көбү Кошмо Штаттарга туура келет. Соңку күндөрү АКШнын Оклахома, Техас, Калифорния, Флорида жана Аризона штаттарында коронавирусту жугузуп алгандар көбөйгөнү байкалууда.
Өткөн аптада Кытайдын баш калаасы Бээжинде коронавирустун жаңы очогу пайда болгондон бери вирусту жугузуп алгандардын саны 158 адамга жетти.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кытайдын башкы дипломаты Ян Цзечи менен 17-июнда жолугуп, Бээжиндин коронавирус эпидемиясына каршы баштан берки чараларын кескин сынга алганы белгилүү болду. Бээжин бул жолугушуу “конструктивдүү” маанайда өткөнүн маалымдады.
Түштүк Кореянын баш калаасы Сеулда да COVID-19га чалдыккандардын саны жогорулап, вирус дагы 59 адамдан илдет табылды.
Пандемиянын очогуна айланган Түштүк Америкадагы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында вирус коркунучуна карабай футбол чемпионаты башталды.