Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:09

Парламент сессиясы түштөн кийинки ишин ондон ашык депутат менен баштады


Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйыны.
Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйыны.

Жогорку Кеңеш 18-июнда түшкү тыныгуудан кийинки сессиясын адаттагыдай саат 14:00дө улантты. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков таблону карап, 68 депутат каттоодон өткөнүн, кворум бар экенин айтып, жыйынды баштады.

«Азаттыктын» парламентте жүргөн кабарчылары жыйында ондон ашык депутат отурганын, алар жыйында жок эл өкүлдөрүнүн электрондук катталуу топчусун басып жатканын билдиришти.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 18-июнда отуздай мыйзам долбоорун карап жатат. Алардын катарында коомчулуктун кызуу талкуусундагы жана чуулгандуу мыйзам долбоорлору да бар.

Сессиянын күн тартибинде ошондой эле «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу жана Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айэркен Саймаитиге байланышкан жагдайларды иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун угуу да киргизилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG