Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Бишкекте бүтүрүүчүлөр "Алтын тамга" сынагын тапшырууда


"Алтын тамга" сынагын тапшырып жаткан окуучулар. Бишкек шаары. 18-июнь, 2020-жыл.
"Алтын тамга" сынагын тапшырып жаткан окуучулар. Бишкек шаары. 18-июнь, 2020-жыл.

Бишкек шаарында бүтүрүүчүлөр артыкчылык аттестат алуу үчүн тест тапшырууда. Бүтүрүүчүлөр тестирлөөгө экиге бөлүнүп катышууда. Биринчи топто жалпы 154 талапкер катышканын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов “Азаттыкка” билдирди.

“Жыйынтыктар дароо чыгарылып, окуучулардын колуна берилип жатат. Эч кандай талаш-тартыш жок, ачык-айкын”.

Маалыматка караганда, “Алтын тамга” сынагы 12-июнда Баткен, Талас облустарындагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында өткөн. 13-июнда Ош шаарында жана Ош облусунда, 14-июнда Жалал-Абад облусунда болду. 16-июнда Нарын жана Ысык-Көл облусундагы, 17-июнда Чүй облусундагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү “Алтын тамга” сынагын тапшырышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, сынак пандемия шартында бардык санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлүп жатат. Социалдык аралык сакталып, ар бир окуучуга акысыз беткап жана антисептиктер берилүүдө.

“Алтын тамга” сынагынын жыйынтыгы менен артыкчылык аттестатын алуучу бүтүрүүчүлөр 19-июнда аныкталат.

Быйыл Кыргызстандагы орто мектептерди 58 730 бүтүрүүчү аяктап жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG