Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:36

Дагестандагы кагылышуудан кийин 80 азери жараны камалды


Орусия менен Азербайжандын чек арасында топтолгон азери атуулдары, 16-июнь 2020-жыл.
Орусия менен Азербайжандын чек арасында топтолгон азери атуулдары, 16-июнь 2020-жыл.

Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында полиция менен кагылышуудан кийин Азербайжандын 80 жараны он күнгө камалды. Бул тууралуу республиканын Магарамкент районунун башчысы Фарид Ахмедов 18-июнда билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-июнда Азербайжан менен Орусиянын чек арасынан өтө албай калган азери жарандары орус полициясы жана чек арачылары менен кагылыша кеткен. Орусиянын Тергөө комитети билдиргендей, ал күнү Азербайжандын 400дөй жараны чек арадан өткөрүүнү талап кылып митинг уюштурушкан. Ошондой эле полициянын кызматтык унааларына жана тартип коргоо органдарына таш ыргытышкан.

Магарамкент районунун башчысы Фарид Ахмедов окуядан кийин 93 адам кармалганын, алардын 80и камалганын айтты. Бирок аларга так кандай айып коюлуп жатканын билдирген жок.

5-апрелде Азербайжан өкмөтү коронавирус жайылып жатканына байланыштуу Орусия менен чек арасын жапкан. Учурда эки өлкөнүн чек арасында Азербайжандын 650дөй жараны топтолуп турганы, аймакка Бакудан атайын делегация келгени белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG