Жогорку Кеңеште 18-июнда Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун укту. Суроо-жооп учурунда депутат Рыскелди Момбеков депутаттык убактылуу комиссиянын корутундусунун укуктук негиздерине кызыкты.
“Токтом долбоорунда “күбө катары суралган жарандар Тиллебаевдин, Сопоковдун көрсөтмөлөрүндөгү фактылар, анын катарында “Азаттык-Медиа” мекемесинин журналисти Али Токтакуновдун Саймаитиден ... өлчөмүндөгү акча каражатын алгандыгы тууралуу көрсөтмө боюнча укуктук баа берилсин” деп жүрөт. Кантип эле Сопоков "күбө" болуп, Токтакунов кылмышка "шектүү" болуп калат? Ушундай чечтиңерби?”.
Комиссия төрагасы, депутат Талант Мамытов корутундуда "шектүү деген сөз жок" деп түшүндүрдү. “Ал жерде көрсөтмөлөрдүн негизинде текшерилсин, объективдүү текшерүүлөр жүргүзүлсүн жана анын жыйынтыгында укуктук баа берилсин деген жөнүндө гана маселе болуп атат. Ал текшерүүлөр тергөөнүн жыйынтыгы менен аныкталат” - деди Мамытов.
Депутаттын суроосуна жооп берген УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек журналист Токтакуновго Саймаити акчаны “күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча Стамбулда 2019-жылдын июнь айларында берген" деп билдирди.
УКМК "журналист акча алганына" күбө деп, эки адамдын негизи жок видеокөрсөтмөлөрүн жарыялады.
Күбөлөрдүн бири - Эркин Сопоков. Ал Стамбулда башкы консул кезинде Саймаитиге Кыргызстанга тиешелүү дипломатиялык номер тагылган автоунааны бергени жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат.
Токтакунов Саймаитиден “акча алган” деген маалыматты толук четке кагып, анын карандай жалган экенин билдирген. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун жетекчилиги муну «журналисттерди каралоо» деп баалаган.
Кытай жараны Айеркен Саймаити өзүн журналисттерге "акча адалдоонун адиси болгом" деп тааныштырып, Кыргызстандан кеминде 700 миллион доллар адалдап кеткенин билдирген. Акча негизинен Кыргызстан аркылуу жүк ташуу бизнесин жүргүзгөн Хабибула Абдукадыр аттуу кишиники экенин, Бажы кызматындагылар Абдукадырдын бизнесин калкалап турганы үчүн тийиштүү каражаттарды алышканын билдирген. Мунун негизинде Саймаити өз көзөмөлү астында Бажы кызматынын мурдагы жетекчи орун басары Райымбек Матраимовдун атасынын атындагы фондго Абдукадырдын буйругу менен ири суммада акча которушканын билдирген. Журналисттик иликтөөдө Абдукадыр менен Матраимовдун бир нече байланышы, анын ичинде Дубайдагы бизнес өнөктөштүгү ашкереленген.
Матраимовдун үй-бүлөсү бул иликтөөнү четке кагып, журналисттерди сотко берген. (TSh)