Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

ТИМ: Улуу Памир айылында коронавируска чалдыккандар жок


Ван аймагындагы Улуу Памир айылынын чети.
Ван аймагындагы Улуу Памир айылынын чети.

17-июнда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Ван аймагындагы Улуу Памир айылынын башчысы Айтбай Эйюпхан жана Рахманкул хандын уулу Мухаммет Ариф Кутлу баштаган кыргыздар менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Айтбай Эйюпхан жергиликтүү бийлик тарабынан аймактагы кыргыздарга турак жай куруу жана айыл чарба муктаждыктары үчүн кошумча 270 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилгенин билдирди. Учурда Улуу Памир айылында COVID-19 илдетине чалдыккандар жок экени белгилүү болду.

Түркиянын Ван аймагына кыргыздар 1982-жылы Ооганстандан көчүп барышкан. Улуу Памир айылында 2 миңге жакын кыргыз жашайт.

Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык кыргыз бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG