Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:39

АКШнын Жогорку соту иммигранттын балдарын депортациядан коргоону колдоду


АКШ Жогорку сотунун имараты.
АКШ Жогорку сотунун имараты.

Президент Дональд Трамптын иммигранттардын балдарын коргоо боюнча программаны токтотуу чечимин Жогорку сот колдогон жок. Бейшембиде Жогорку сот буга чейинки инстанция DACA программасын мыйзамсыз деп тапкан өкүмдү жокко чыгарды.

Программа бала кезинде ата-энесин ээрчип, АКШга мыйзамсыз кирген миңдеген кишилерди депортациядан коргойт. DACA президент Барак Обаманын убагында киргизилген.

Дональд Трамп Жогорку соттун чечимине "Твиттердеги" баракчасы аркылуу комментарий берди.

“Бул окуя DACA боюнча эле эмес, дегеле жаңы судьялар керек экенин көрсөттү”,- деп жазды Трамп.

DACA программасы 700 миңдей кишини камтыйт. Алардын көбү Латын Америкасынан келгендер. Программа аларды депортациядан коргоп, андан тышкары убактылуу иштеп, окуганга мүмкүнчүлүк берет.

XS
SM
MD
LG