Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Интернетте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция башталды


Бердибек Жамгырчиев.
Бердибек Жамгырчиев.

Кыргызстанда социалдык тармактарда белгилүү адамдар үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы жана аялдардын укугун коргоо боюнча акция өткөрүп жатышат.

Алар социалдык тармактардагы өздөрүнүн баракчаларына зомбулукту токтотууга чакырган видеолорду #кечирБиздиАялзат #рахматАялзат хэштэги менен жүктөп жатышат.

Интернет акцияга Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев, дарыгер Сабырбек Жумабеков, төкмө акын Азамат Болгонбаев, режиссер Темир Бирназаров, акын Бердибек Жамгырчиев жана журналист, алып баруучулар катышууда.

Сузак районунда аялдын моюнуна таш салынган дөңгөлөк илип, башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чапкылап жаткан адамдын видеосу коомчулукта катуу сынга кабылды.

ИИМдин маалыматы боюнча 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факт катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG