Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:34

Бишкекте барымтага алынган аял ооруканада көз жумду


Кыргызстандагы ооруканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы ооруканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте өз таанышы барымтага алган аял Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда каза болду. Бул тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматта айтылгандай, жабырлануучу оор жарааттарынан улам көп кан жоготкон. Келери менен жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткырылган. Дарыгерлердин аны сактап калуу аракетине карабай, эсине келе алган эмес. Анын сөөгү моргго өткөрүлүп берилди.

17-июнда Бишкектин Ден Сяопин көчөсүндө белгисиз адам кызганычтан улам чогуу жашаган аялды барымтага алып, бычак менен эч кимди жолоткон эмес. Милиция анын колунан бычакты ыргыта чаап, куралсыздандырып аялды куткарып калган. Мындан кийин жараат алган аял ооруканага жаткырылган.

Кармалган 36 жаштагы эркек Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалган. Милициядан кабарлашкандай, факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилип, экспертиза дайындалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG