Алар Кыргызстан менен Индиянын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жеткирилди. Маалыматка караганда, бардык учуп келгендер обсервацияга жайгаштырылат.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматында айтылгандай, учурда Индия тараптын өтүнүчүнө ылайык, Кыргызстандагы индиялыктарды мекенине алып кетүү аракеттери жүрүп жатат. Алар 16-июндан 28-июнга чейин «Air India» жана «Сapa Jet» авиакомпаниясынын чартердик каттамдары менен кетери пландалган.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 9 миңге жакын индиялык студент билим алат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, пандемия башталган февраль айынан тартып, 60тан ашуун өлкөдөн 15 миңге чукул кыргызстандык алып келинген. Алардын 10 миңге чукулу Орусиядан келген. (ZKo)