Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

IT технология жөнүндө балдарга арналган китеп чыкты


Балдарга арналган IT технология жөнүндө кыргызча китеп.
Балдарга арналган IT технология жөнүндө кыргызча китеп.

Кыргыз тилинде IT технологиялары жаатында балдар үчүн алгачкы китеп чыкты. Экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен чыккан электрондук китеп “Менин компьютерим” деп аталат.

Ал балдарга санариптик билим берүү максатын көздөйт жана персоналдык компьютер тууралуу кыргыз тилинде чыккан алгачкы китеп.

Чакан электрондук китеп 6 жаштан 15 жашка чейинки балдарга багытталган. Ичинде персоналдык компьютерге тиешелүү бардык маалыматтар, IT технологиясы жаатындагы атактуу адамдардын өмүрү тууралуу кызыктуу фактылар камтылган.

Китептин автору - “Азаттык” радиосунун кабарчысы Бактыгүл Чыныбаева.

“Менин компьютерим” китеби Билим берүү жана илим министрлигинин электрондук китепканасына киргизилди. Аны каалоочулар PDF форматында акысыз көчүрүп алса болот. Китептин дизайнын заманбап графика ыкмасы менен Надежда Хабичевская жасаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG