Орусиянын Новосибирск, Барнаул жана Бийск шаарында окуган кыргызстандык студенттер кыргыз өкмөтү менен Москвадагы кыргыз элчилигине кайрылып, аларды Кыргызстанга алып кетүүнү суранып жатышат.
Бийскидеги Алтай гуманитардык университинин студенти Медина Кубанычбекованын айтымында, бул аймакта эки жүздөн ашуун студент бар.
Студенттердин видеокайрылуусунда көпчүлүгү карантиндик чектөөлөргө байланыштуу ата-энелеринен каржылык жардам ала албай, жатакана акыларын төлөөдө, азык-түлүк алууда кыйналып жатышканы белгиленет.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тараткан маалыматка ылайык, учурда Орусиядан төрт миңдей студент Кыргызстанга кайтууну суранып турушат. Элчилик орус аймактарынан аба каттамдары уюштурулуп, мекенге кайтууга муктаждардын тизмесине студенттер өзүнчө категория катары алынып жатканын билдирди. Орусиянын жогорку окуу жайларында 12 миңден ашуун кыргызстандык билим алат.
17-июнда Казан-Бишкек чартердик рейс уюштурулуп, анда Орусиянын окуу жайларында окуган 167 студент Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Ошондой эле 19-июнда Якутск-Бишкек каттамы менен 71 студент Кыргызстанга учкан.
Жалпысынан 20-марттан бери Орусиянын түрдүү шаарларынан Кыргызстанга 46 учак каттамы жана Казакстан аркылуу 20 автобус менен 9372 адам жеткирилди.
Орусияда соңку күндөрү коронавирус илдети 8 миңдей адамдан аныкталып, өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны 570 миңге чамалады. Расмий маалыматта 7,8 миң адам оорудан өлгөнү айтылды.
Орус өкмөтү 15-июлдан тартып аба каттамдарын калыбына келтирүүгө камданып жатат. (LzT)