Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

«Кыргыз темир жолу» Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жөнүндө кабарды кайра өчүрдү


Kjd.kg сайтында 18-июнда жарыяланган кабардын скриншоту. Мында Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталары жазылган. Скриншотту Economist.kg басылмасы сактап алган.
Kjd.kg сайтында 18-июнда жарыяланган кабардын скриншоту. Мында Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталары жазылган. Скриншотту Economist.kg басылмасы сактап алган.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын сайты (Kjd.kg) «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталат» деген кабарды өчүрдү.

19-июнда жалпыга маалымдоо каражаттарын жалган маалымат таратуу боюнча айыптаган билдирүү жарыялады.

Анда долбоор боюнча Кыргызстандын, Кытайдын, Өзбекстандын жана Орусиянын Транспорт министрликтеринин жана темир жол администрацияларынын деңгээлинде сүйлөшүүлөр дале уланып жатканы белгиленет. Толук макулдашуу боюнча жолугушуулар жакын арада өтөрү белгиленген. Курулуштун башталыш мөөнөтү такталган эмес.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоор бир айдан кийин башталары тууралуу расмий кабар «Кыргыз темир жолу» мекемесинин сайтында кечээ, 18-июнда жарыяланган. Анда ишкананын башкы директору Василий Дашковдун сөзү келтирилген. Ал долбоорго жалпы 4,5 миллиард доллар кетерин айтып, аны каржылоого Орусия жана Өзбекстан колдоо көрсөтөрүн билдирген. Расмий кабарды башка ондогон сайт жана басылмалар менен чогуу «Азаттык» да жазган.

2002-жылы Бээжин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Ал негиздеме боюнча темир жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Каттамдын узундугу 268 чакырым деп эсептелген.

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун курулушу көп жылдан бери айтылып, ишке ашпай келатат. Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкандан кийин жанданган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес. Ошондон кийин кыргыз бийлиги кайра Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун жактап, жаңы маршрутту сунуш кылган.

2019-жылдын ноябрь айында президент Сооронбай Жээнбеков Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалганын маалымдаган. Жээнбеков техникалык-экономикалык негиздемени даярдоого Орусия 200 миллион рубль бөлүп бергенин айткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG