Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40

Боронов: Бир сүрөт алты айлык ишибизге көлөкө түшүрдү


Өкмөт аппаратынын коомчулуктун жана мамлекет башчынын сынына кабылган сүрөтү . 17-июнь, 2020-жыл.
Өкмөт аппаратынын коомчулуктун жана мамлекет башчынын сынына кабылган сүрөтү . 17-июнь, 2020-жыл.

Премьер-министр Кубатбек Боронов коомчулуктун жана президенттин сынына кабылган өкмөт аппаратынын сүрөтү боюнча түшүндүрмө берди. Анда сүрөт өкмөттүн жаңы курамы парламентте бекитилген күнү, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди узатуу учурунда тартылганы белгиленген.

Түшүндүрмөдө "өкмөттүн аппарат кызматкерлеринин баары беткапчан болчу. Сүрөткө түшүү маалында бизге беткаптарды чечип турууну өтүнүштү. Ошол учурда буга маани бербегениме өкүнүп жатам. Дал ошол учур акыркы алты ай ичиндеги бардык иштерибизге көлөкө түшүрдү. Албетте, биз коомчулуктун катуу сынына кабылдык. Бул туура» деп жазылган.

Кубатбек Боронов премьер-министр жана коронавируска каршы республикалык штабдын башчысы катары бардык кыргызстандыктардан кечирим сурады. Мындан тышкары Коопсуздук кеңешинин сунушуна ылайык, өзү баш болуп, мурдагы премьер-министр, вице-премьер-министрлер, аппарат жетекчиси айыппул төлөй турганын кабарлады.

Өкмөт аппаратынын кызматкерлеринин баары иш учурунда беткап тагынып, аралыкты сактоо менен коронавирустун жайылуусуна жол бербөө үчүн бардык санитардык жана медициналык эрежелерди аткарышарына ишендирип кеткен.

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди узатып жатып, өкмөт үйүнүн алдында түшкөн өкмөт аппаратынын жамаатынын сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Айрымдар экс-премьер-министр баш болуп, вице-премьер-министрлер жана башка сүрөттөгү жүзгө чукул кызматкердин биринде да беткап жоктугун жана аралык коопсуздугу сакталбаганын сынга алышкан.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов бардык кызматкерлер күн сайын кызматка киришердин алдында дене табы текшерилип, тиешелүү көзөмөлдөн өтөрүн, аппаратта санитардык талаптар бекем сакталарын “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирген.

Бүгүн, 19-июнда президент Сооронбай Жээнбеков катышкан Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал талкууланды. Жээнбеков коронавируска кайдыгер мамиле күч алганын белгилеп, өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, беткапсыз сүрөткө түшкөнү илдетке каршы күрөшүүдөгү аракеттерди текке кетиргенин айтып, сындаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG