Тажикстан 25-июндан тартып Орусиядагы жарандарын алып келе баштайт. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 19-июнда билдиргендей, Москва, Санкт-Петербург, Казань, Новосибирск жана Екатеринбургдан жарандарды алып келүү үчүн чартердик каттамдар уюштурулат.
Чартердик каттамдарга биринчилерден болуп оорулуу кишилер, жаш балалуу аялдар, кары-картаңдар, студенттер жана Орусияга иш-сапар менен барып кайта албай калгандар алынат. Алардын тизмесин атайын комиссия түзөт.
Тажикстан аэропорттору коронавирус пандемиясына байланыштуу 20-мартта эл аралык каттамдарды кабыл алууну токтоткон. Мындан улам Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Германия, Казакстан жана башка өлкөлөрдөгү ондогон тажикстандыктар мекенине кайта албай калышкан.
Тажикстандын бийлиги 1-июлдан тартып Өзбекстан жана Дубайга учактар каттай баштарын билдирген. Аба жолдорун ачуу боюнча Орусия, Түркия жана Кытай менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланды.
Расмий статистикага ылайык, Тажикстанда коронавируска чалдыккандардын саны 5300гө чукулдады. Кеминде 51 адам COVID-19 илдетинен көз жумду. Бирок көз карандысыз эксперттер чыныгы сан бир нече эсе көп экенин билдирип келишет.