Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Лукашенко оппозицияны “революция уюштурууга аракеттенди” деп айыптады


Александр Лукашенко. Минск, 19-июнь 2020-жыл.
Александр Лукашенко. Минск, 19-июнь 2020-жыл.

Беларус президенти Александр Лукашенко оппозиянын бир нече өкүлдөрү камалгандан көп өтпөй өлкөдө “абалды туруксуздаштыруу жана революция уюштуруу аракетинин” алдын алганын билдирди. Ал 19-июнда өкмөттүн жыйынында “чыгыш менен батыштагы” ар кыл күчтөр Беларустагы абалды чыңалтууга аракет жасаганын билдирди.

“Жөн гана өлкөнү сындырып коюну көздөшөт. Мындай шартта мени тандоого түртпөгүлө. Беларус талкаланса, мени да, баарыбызды да эч ким кечирбейт”, - деди авторитардык лидер атыккан Лукашенко.

Ал мындай сөзүн Беларуста оппозицияга каршы басым күчөп, бийликке сын айткан көрүнүктүү саясатчылар менен активисттер камакка алынгандан кийин айтты. Бир күн мурда Беларуста август айында өтө турган президенттик шайлоодо Лукашенкого негизги атаандаш болору айтылган мурдагы банкир Виктор Бабарико уулу менен кошо кармалган. Аларга финансылык кылмыштар боюнча айып тагылууда. Ага чейин белгилүү оппозиционер Николай Статкевич да бийликке каршы акцияларга байланыштуу кеминде 20 суткага камалган.

Көз карандысыз байкоочулар быйыл алтынчы жолу президенттик кызматка шайланып келүүнү көздөп турган Лукашенко атаандаштарын кескин кысымга алып жатканын айтышууда. Беларуста президенттик шайлоо быйыл 9-августка белгиленген.

XS
SM
MD
LG