Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:49

Коопсуздук кеңеши коронавируска каршы аткарылган ишти жетишсиз деп тапты


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 19-июнь, 2020-жыл.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 19-июнь, 2020-жыл.

Коопсуздук кеңеши бүгүн, 19-июнда өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаал маселесин карап чыгып, бир катар чечимдерди кабыл алды. Анда Саламаттык сактоо министрлигинин жана коронавирус илдетинин жайылуусуна жол бербөөгө жооптуу органдардын, жергиликтүү бийликтердин иши жетишсиз деп табылды. Мунун ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, облустардагы өкмөт өкүлдөрүнүн да иши белгиленген. Жыйындын чечимине ылайык инфекциянын жайылуусуна байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жол бергени үчүн облустардагы өкмөт өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин кароо 22-июнга чейин премьер-министр Кубатбек Бороновго сунушталды.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго эскертүү берилди.

Жыйындын чечимдеринде ошондой эле өкмөткө Коопсуздук кеңештин январь-апрель айларында кабыл алынган чечимдерди аткаруу, коронавируска чалдыккандар үчүн жасалма дем алдыруучу аппараттар, жеке коргонуу каражаттары жана дары-дармектер менен жабдуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо, өлкөдө эпидемиологиялык көзөмөлдү талаптагыдай камсыз кылуу, кырдаалдын курчушунун алдын алуу чараларын кабыл алуу тапшырмасы берилди. Бул иштер 1-июлга чейинки мөөнөттө аткарылууга тийиш.

Ал эми 1-августка чейин:

- Бир жылга жеткидей, бардык муктаждыктарды канааттандырган жеке коргонуу каражаттарын жана дезинфекциялоо каражаттарын;

- Коронавирусту аныктоочу анализдерди аныктоочу тест-системаларды;

- Инфекциянын таралышын алдын алуу, анын ичинде медициналык кызматкерлерге кенемте акысын мөөнөтүндө төлөө;

- Гуманитардык жана финансылык жардамдар, аларды бөлүштүрүү жана максаттуу пайдалануу боюнча маалыматтарды берүү;

- Тобокел тобундагы пенсиялык курактагы адамдардын коопсуздугу үчүн аларга эл көп чогулган жерге барбай, беткап кийүү зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары массалык маданий иш-чараларды өткөрүүгө, той-аштарды, эскерүү чараларын көп адамдардын катышуусунда уюштурууга тыюу күчүндө калтырылды.

Кыргызстанда 19-июнга карата 132 адамдан коронавирус илдети жаңы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки убакта өлкөдө бир суткада оору аныкталган эң жогорку көрсөткүч.

Жалпысынан Кыргызстанда СOVID-19га чалдыккандар 2789 адамга жетти. 1961 адам оорудан сакайды. Вирус жуктурган 32 адам каза тапты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG