Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

Ырчы Айбек Карымов экономикалык кылмыштарга шек саналып жатат


Айбек Карымов.
Айбек Карымов.

Ырчы, обончу Айбек Карымов коммерциялык фирманын жооптуу кызматкери катары мамлекеттик сатып алууларга байланыштуу мыйзамсыз аракеттерге шек саналып кармалганы кабарланды.

Бул тууралуу маалыматты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматындагы (Финполиция) «Азаттыктын» жеке булактары ырастады.

Маданий ишмер Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалган.

Айбек Карымовдун жубайы, ырчы Гүланда Инстаграмдагы баракчасы аркылуу күйөөсү эркиндикте жүргөнүн жазды. Бирок жогорудагы факт боюнча түшүндүрмө берген жок.

Мунун алдында, 18-июнда Финансы полициясынын басма сөз кызматы Бишкек шаардык мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын үч кызматкери жана коммерциялык уюмдун бир кызматкери кармалганын расмий кабарлаган. Башкармалыктын кызматкерлеринин инициалдары «Б.Н.», «М.У.», «И.А.» деп, жеке фирманын өкүлүнүн аты-жөнү «К.А.» көрсөтүлгөн. Соңку инициал Айбек Карымовдун ысымына туура келет.

Финполициянын маалыматына ылайык, башкармалыктын жооптуу кызматкерлери муниципалдык менчиктин реестринде турган лифттерди модернизациялоо үчүн мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, максатка ылайык эмес сатып алуу келишимдерине барышкан. Алар акысы бир канча эсе аз жумуштар үчүн жалпы 24 миллион сомдон жогору сумманы коюп коюшкан.

Мекемеден билдиришкендей, лифттик жабдууларды сервистик тейлөө жана аны орнотуу тармагында тиешелүү квалификацияга ээ көз карандысыз эксперттик уюмдун бүтүмүнө ылайык, каралган лифттерди мындан ары колдонуу кооптуу жана адам өмүрүнө түздөн-түз коркунучтуу. Жабдыктар лифттерди коопсуз пайдалануу жана эксплуатациялоо эрежелеринин (ПУБЭЛ - ЛКПЭЭ) талаптарына туура келбейт деп табылган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

Кармалгандардын үчөө, башкармалыктын кызматкерлери Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен борбор калаадагы №1 тергөө абагына камакка алынды. (ErN)

XS
SM
MD
LG