Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:16

АКШда кулчулук жоюлган күн белгиленди


Нью-Йорктогу акция. 19-июнь, 2020-жыл.
Нью-Йорктогу акция. 19-июнь, 2020-жыл.

19-июнда АКШ президенти Дональд Трамп жубайы менен чогуу билдирүү жасап, бүткүл Америка элин кулчулук жоюлган күнү менен куттуктады. Анда бул күн “кулчулуктун ойго келгис адилетсиздиги жана эркиндиктин баа жеткис кубанычын эске салган күн” деп белгиленген.

АКШнын бир катар шаарларында кулчулук жоюлган күн расалык теңсиздикке каршы акциялар менен чогуу белгиленди. 19-июнда Вашингтон, Нью-Йорк, Миннеаполис, Чикаго жана башка шаарларда демонстранттар көчөгө чыгышты.

Активисттер “Каралардын жашоосунун мааниси бар” (Black Lives Matter) деген жана полиция тарабынан кармоо учурунда өлгөн ындыкаралардын аттары жазылган плакаттар менен чыгышты. Алардын айрымдары ындыкаралар үчүн репарация төлөөнү талап кылышты.

155 жыл мурун, 19-июнь күнү АКШда кулчулук толугу менен, акыркы Техас штатында жоюлган. 1863-жылы президент Авраам Линкольндун буйругу менен АКШда кулчулук жоюлган. Бирок өлкөнүн түштүгүндөгү айрым штаттар президенттин “Боштондук прокламациясына” баш ийбей, кулчулукту уланта беришкен. Эң акырында 1865-жылы 19-июнда Техаста кулчулук жоюлган.

46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойд 25-майда полиция кармагандан кийин өлгөн.

Жорж Флойддун өлүмү АКШда жана башка бир катар өлкөлөрдө расалык теңсиздикке каршы нааразылык акцияларына себеп болду. Айрым шаарларда тынч митингдер башаламандыкка айланып, автоунаалар өрттөлүп, дүкөндөр тонолду.

Ак үй расалык теңсиздикти жоюу үчүн реформалар жүргүзүлө турганын убада кылууда.

XS
SM
MD
LG