Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Акыркы суткада 192 адамдан коронавирус табылды, бул эң жогорку көрсөткүч (видео)


Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 20-июнда берген маалыматы боюнча, коронавирус акыркы суткада дагы 192 адамдан жаңы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки Кыргызстанда бир суткада оору аныкталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Вируска чалдыккандардын басымдуу бөлүгү борбор калаада:

Бишкек шаарында – 94

Ош шаарында - 16

Ош облусунда - 14

Талас облусунда - 2

Нарын облусунда - 2

Чүй облусунда – 62

Ушуну менен жалпы коронавирус жуктургандардын саны 2981 адамга жетти.

Вирус жуктуруп алган үч адам каза тапты. Алардын экөө 59 жаштагы аял менен 61 жаштагы эркек Ош облусунан, 62 жаштагы эркек киши Ысык-Көл облусунан. Ушуну менен илдет жуктуруп алгандан кийин көз жумгандардын саны 35 адамга жетти.

Бир сутка ичинде ооруканадан 20 бейтап сакайып чыгып кетти. Анын ичинен: Бишкек шаарынан –3, Чүй облусунда – 11, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда - 5 бейтап айыгып, 20-июнда үйлөрүнө чыгарылды. Жалпы айыккандардын саны 1981 адам.

Стационарда 498 бейтап дарыланууда, беш киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG