Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Ошко Москвадан 325 кыргызстандык жаран келди


"Москва-Ош" багытындагы чартердик учак. 20-июнь, 2020-жыл.
"Москва-Ош" багытындагы чартердик учак. 20-июнь, 2020-жыл.

20-июнда Орусиянын "Аэрофлот” компаниясынын «Москва – Ош» багытындагы чартердик учагы менен 325 кыргызстандык жаран келди. Алардын ичинде жаш балалуу, кош бойлуу кыз-келиндер, улгайган жана оорулуу адамдар бар.

Учуп келгендердин баары медициналык алгоритм боюнча текшерүүдөн өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу иши уланууда.

Пандемия башталган февраль айынан бери 60ка чукул өлкөдөн 15 миңге жакын кыргызстандык жаран Кыргызстанга кайтты Алардын басымдуусу Орусиядан келди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG