Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Бишкекте коомдук транспорт убактылуу токтотулат


Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөрү.
Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөрү.

Бишкек шаарындагы коомдук автоунаалар ишемби күнү түштөн кийин жана жекшемби күндөрү толук токтотулат.

Бул чаралар келерки аптадан тарта ишке кирет. Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун 20-июнда брифингде билдиргенине караганда, мындан тышкары шаар аралык каттамдагы кичи автобустардын иши да токтотулат. Такси жана башка жүк ташуучу автоунаалар санитардык талапты бекем сактоо менен ишин уланта беришет.

“Бишкекте жана Ош шаарларында кырдаал оор болуп турат. Күн санап оору жуккандардын саны көбөйүүдө. Ошондуктан, биз ушундай чараларды көрүүгө аргасызбыз”, - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы мындан ары республикалык ыкчам штабды биринчи-вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков жетектеп, иш жүргүзөрүн маалымдады.

Боронов Коопсуздук Кеңешинин чечиминдеги бардык тапшырмалар сапаттуу, толук көлөмдө жана тийиштүү мөөнөттө аткарылууга тийиш экенин белгиледи.

Кыргызстанда 20-июнга карата коронавируска чалдыккан 192 адам жаңы катталды. Бул пандемия башталгандан берки убактагы эң жогорку көрсөткүч.

Ушуну менен 20-июнга карата жалпы коронавирус жуктургандардын саны 2981 адамга жетти. Илдет жуктуруп алгандан кийин 35 адам көз жумду. Жалпы 1981 адам сакайды. (ZKo)


XS
SM
MD
LG