Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

Бразилияда коронавирус жуккандардын саны миллиондон ашты


Таажы вирусун жугузуп алгандар жаткан оорукана. Бразилия.
Таажы вирусун жугузуп алгандар жаткан оорукана. Бразилия.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышынын жаңы, кооптуу баскычы башталды деп эскертип жатканда Бразилияда бул вирусту жугузуп алгандардын саны 1 миллион адамдан ашты.

Жума күнү кечинде Бразилиянын Тышкы иштер министрлиги COVID-19ду алып жүрүүчүлөрдүн саны 1 миллион 32 миңден ашканын, акыркы сутка ичинде 1206 киши оорудан каза тапканын билдирди.

Дүйнөлүк статистикада Бразилия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча экинчи орунда. Биринчи орунда турган АКШда жаңы вирус жуктургандардын саны 2,2 миллиондон ашты. Дүйнөдө COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 8,5 миллиондон, каза тапкандардын саны 457 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG