Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:30

Никита Хрущевдун уулу АКШда көз жумду


Сергей Хрущев.
Сергей Хрущев.

Мурдагы советтик лидер Никита Хрущевдун уулу Сергей Хрущев АКШда 84 жашында көз жумду. Ал акыркы 30 жылдай өмүрүн Америкада өткөргөн.

Чөбөрөсү Нина Хрущева биздин кабарчыларга АКШдагы Браун университетинин профессору Сергей Хрущев жума күнү каза тапканын ырастады.

Маркум 1958-жылы Москвадагы Энергетика институтун бүтүрүп, СССРдин космос тармагына тийиштүү илимий изилдөө борборунда иштеген. Ишиндеги жетишкендери үчүн Ленин ордени, Мамлекеттик Ленин сыйлыгы, Эмгектин баатыры наамы менен сыйланган.

1991-жылы АКШга эмиграцияга кеткенге чейин Москвадагы Бауман атындагы белгилүү жогорку окуу жайда сабак берген. 1999-жылы АКШ жарандыгын алган. Атасы жөнүндө үч китептен турган эмгектин автору. Америкадагы Браун университетинде саясий тарых боюнча дарс окуган Сергей Хрущев мурдагы Советтер Союзуна чыккынчылык кылбаганын, анткени ал мамлекет менен АКШ ортосундагы кастык жоюлганын белгилеп келген.

XS
SM
MD
LG