Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Расизмге каршы акциялар учурунда “Эскимонун” аты өзгөрмөй болду


Америкадагы гезитте "Эскимо" балмуздагынын жарнамасы. 1922-жыл.
Америкадагы гезитте "Эскимо" балмуздагынын жарнамасы. 1922-жыл.

"Эскимо" балмуздагынын аталышына ээлик кылган америкалык Dreyer's компаниясы балмуздактын аталышын өзгөртүүнү чечти.

The Wall Street Journal компаниясы балмуздактын аталышы Арктиканын эли – эскимосторду шылдыңдоочу жана “басынтуучу” мааниде деп чечкенин ишкананын башкы маркетологу Элизабелл Маркеске шилтеме кылып жазды.

"Эскимо" балмуздагы жана анын аталышы 1920-жылы кондитерлер Кристиан Нельсон жана Рассел Стовер тарабынан ойлоп табылган. Алар бул балмуздакты патенттеп, жалпы дүйнөгө белгилүү болуп турган учурунда сатып жиберишкен.

“Эскимо” балмуздагын 1935-жылдан тартып Советтер Союзунда да жасай башташкан, башында ал "Эскимо-Пай" деген аталыш менен даярдалып жүргөн.

2007-жылы брендди Dreyer's компаниясы сатып алган.

Балмуздактын аталышында жана жарнамасында ар дайым улуттук кийимчен эскимос көрсөтүлүп келет.

Мурдараак расалык теңсиздикке байланыштуу азыктардын аталыштарын америкалык "Aunt Jemima" жана "Uncle Ben's" компаниялары өзгөртүүнү чечкен.

Аляска университетинин Түпкү тилдер борборунда “эскимос” сөзү аймакта кадимкидей эле кабыл алынары айтылган. Бирок Канада жана Гренландияда өздөрүн инуиттер деп атаган түпкү эл “эскимос” деген сөздү басынтуучу мааниде кабыл алышат.

XS
SM
MD
LG