Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:11

Боронов: Акимдер ар бир бейтап үчүн жооп берет


Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында. 20-июнь, 2020-жыл.
Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында. 20-июнь, 2020-жыл.

Премьер-министр Кубатбек Боронов облус, шаар, район жетекчилери коронавирус жайылган ар бир учур үчүн жоопкер экенин эскертти. Ал бул тууралуу 20-июнда республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтты:

“Аппараттагы кызматкерлердин ар бирине бирден май куюучу жай, бирден соода түйүн, кафе-ресторан бекитип бергиле. “Ушуну сен карайсың, ушул жерде мыйзам бузуу болсо сен жооп бересиң” деп жоопкерчилик койгула. Мамлекеттик кызматкерлерди иштеткиле, мобилизация кылгыла”.

Кубатбек Боронов коронавирусту көбөйтүп жиберген акимдердин ар биринин жеке жоопкерчилиги караларын кошумчалады.

Кыргызстанда 20-июнга карата бир суткада 192 адамдан коронавирус аныкталган. Бул пандемия башталгандан берки убактагы эң жогорку көрсөткүч.

Жалпы ооруга чалдыккандардын саны саны 2981 адамга жетти. Илдет жуктуруп алгандан кийин көз жумгандардын саны 35 адам. 1981 адам оорудан сакайып чыкты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG