Жеффри Берман учурда президент Дональд Трамптын жеке адвокаты Руди Жуиланинин ишин иликтеп жаткан. Аны кызматтан баш прокурор Уильям Барр бошоткон.
Берман терроризм, Уолл-стриттеги финансылык кылмыштар жана бийликтеги коррупцияны иликтеген иштери менен таанымал.
Бермандын билдирүүсүндө: "Мен кызматтан кетем деген жокмун жана кетпейм дагы", - деп жазылган. Ал өзүнүн иликтөөлөрүн “токтоосуз жана тынымсыз” уланта берерин баса белгиледи.
2018-жылы кызматка келгенден бери Берман президент Дональд Трамптын айланасындагы адамдардын иштерин ачып келген.
Сенаттагы демократиялык азчылыктын башчысы Чак Шумер Берманды күтүүсүз кызматтан кетирүү аракетин "сот процессинин бузулушунан кабар берет” деп баалады. Ал “Президент Трампка прокурордун мурдагы иштери жакпай жатабы же кийинкилериби?” деген суроо койгон.
Өкүлдөр палатасындагы укук комитетинин төрагасы, демократ Жерролд Надлер прокурор Бермандын көрсөтмөсүн угууга даяр экенин билдиргенин “Америка үнү” радиосу жазды.