Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 21-июнга карата берген маалыматы боюнча, коронавирус акыркы суткада дагы 170 адамдан жаңы аныкталды. Вируска чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунда:
Бишкек шаарында – 56
Чүй облусунда – 43
Ош шаарында - 14
Ош облусунда - 22
Жалал-Абад облусунда – 19
Баткен облусунда - 1
Ысык-Көл облусунда - 15
Ушуну менен 21-июнга карата жалпы коронавирус жуктургандардын саны 3151 адамга жетти.
Акыркы суткада вирус жуктуруп алган эки адам каза тапты. Алардын бири - 51 жаштагы адам Бишкекте темир жолчулар ооруканасына кайрылып, коронавируска кабылганы анык болгон. Ал өз алдынча дарыланганы белгилүү болду. Ооруну кайдан жуктуруп алганын билбейт.
Экинчиси - 46 жаштагы аял. Ысык-Ата райондук ооруканасына оор абалда түшкөн. Ал кургак учук жана кан диабети менен жашаган жеринде каттоодо турган. Оор абалда ооруканага түшүп, коронавируска чалдыкканы аныкталган.
Ушуну менен илдет жуктуруп алгандан кийин көз жумгандардын саны 37 адамга жетти.
Бир сутка ичинде ооруканадан 30 бейтап сакайып чыгып кетти. Анын ичинен: Чүй облусунда – 5, Ош облусунда – 10, Нарын облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда - 4 бейтап айыгып, 21-июнда үйлөрүнө чыгарылды. Жалпы айыккандардын саны - 2011 адам.
Ушул тапта стационарда 528 бейтап бар. 38 адамдын абалы оор. 11 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. (ZKo)