Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

COVID-19: Акүй дезинфекцияланды


Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, парламент жана президенттик аппарат орун алган имаратта залалсыздандыруу иштери 20-июнь күнү жүргүзүлдү. Маалыматка ылайык, парламенттеги аппарат кызматкерлери, басма сөз кызматында иштегендердин баары жана Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирус илдетине анализ тапшырышкан. Дээрлик баарынын алдын ала жыйынтыктары таза чыккан.

22-июндан тартып парламенттин аппарат кызматкерлери коопсуздук максатында аралыктан иштөөгө өтүшөт. Депутаттар санитардык талаптарды бекем сактоо менен ишин улантышат.

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдиновдон жана басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунан коронавирус илдети аныкталган. Экөө тең дарыланып жатат. Дагы бир депутат, “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да коронавируска чалдыкканы кабарланып, бирок расмий тастыктала элек.

COVID-19 илдетине Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, Ош облусундагы Араван районунун акими Курбанбай Айтибаев коронавирус илдетине чалдыкканы маалым болгон.

21-июнга карата Кыргызстанда 170 адамдан коронавирус илдети аныкталды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG