Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Премьер-министр Боронов Өзбекстандын өкмөт башчысы Арипов менен сүйлөштү


Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеште. 4-июнь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеште. 4-июнь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Эки мамлекеттин өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөштү.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кубатбек Бороновду жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мурунку биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын премьер-министрлик кызматына 17-июнда дайындалган.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыштык чуусуна байланыштуу алгач эмгек өргүүсүн алып, кийинчерээк кызматтан кетүү арызын жазган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG