Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Коомдук ишмер Болот Шер дүйнө салды


Болот Шер партиялашы Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы менен өткөн акцияда. 29-март, 2017-жыл.
Болот Шер партиялашы Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы менен өткөн акцияда. 29-март, 2017-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 61 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Анын жарык дүйнө менен кош айтышканы тууралуу бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Анда “Баатырыбыз да, асылыбыз да Бокемден айрылып калдык... Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11де өтөт” деп жазылган.

Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Болот Шер 1959-жылы Таласта Манас районундагы Чоң-Капка айылында туулган.

2000-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган. 2005-жылы парламенттин вице-спикеринин кызматын аткарган.

“Көк бөрү” федерациясын түптөөчүлөрдүн бири, 2001-жылдан тартып бир нече жыл бою аталган федерациянын баш катчысы болуп турган.

Бир топ мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

Кыргызстанды мурдагы президенттери Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимдерин кескин сындап, оппозицияда жүргөн.

2010-жылы 7-апрелде бийликке келген Убактылуу өкмөттүн курамында ички иштер министри болуп дайындалган. Ден соолугуна байланыштуу кийинчерээк кызматын орун басары Бакыт Алымбековго өткөрүп берген.

2010-жылы "Ата Мекен" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

Соңку кезде ден соолугу кескин начарлап, ооруканага жаткырылганы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG