Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Түркияда кыргыз келин күйөөсүн өлтүрдү деп шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Адана шаарында жашаган кыргызстандык В.К. 20-июнда күйөөсү, М.К. аттуу түрк жаранын үйүндө бычактап өлтүрдү деп шектелип жатат. Бул тууралуу "Демирөрен" кабар агенттиги маалымдады.

Кошуналар 32 жаштагы кыргызстандык келин күйөөсү менен катуу уруша кетишкенин айтып беришкен. Кошуналары эшигин сындырып киргенде экөө жерде жатканына, келин да бычактан оор жаракат алганына күбө болушкан.

Келиндин күйөөсү алган жаракатынан каза болгон. Ал эми кыргызстандык келин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Жубайлар 10 жылдан бери бирге түтүн булатып, эки кызды тарбиялап келишкен.

Окуя боюнча Адана шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.

Түркиядагы "Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз" платформасынын статистикасына ылайык, өлкөдө 2019-жылы 474 аял өлтүрүлгөн. (ElB)

XS
SM
MD
LG